# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №707 "Россия Федерациясынын менчигине имаратты өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №707 "Россия Федерациясынын менчигине имаратты өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 707
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90346>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13946/edition/439823/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90346.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №707 "Россия Федерациясынын менчигине имаратты өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (17.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90346

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 17-ноябры №707 Россия Федерациясынын менчигине имаратты өткөрүп берүү жөнүндө "Москва шаарында 2009-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын калганын кечүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын калганын кечүү жөнүндө макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Россия тарап 261617 АКШ доллары суммасына баалаган Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлчүлүгүнүн имаратынын наркы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, № 17 үй, бекитилсин.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган имарат жер участогу менен кошо 49 жылдык мөөнөткө кайтарымсыз пайдалануу укугунда Россия Федерациясынын менчигине өткөрүп берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрине ушул токтомдун 1-пунктунда аталган имаратты өткөрүп берүү боюнча документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсөнов
