Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 апреля 2011 года №169 "О вопросах Министерства Кыргызской Республики по социальной защите населения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-04-19.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 17-ноябры №706 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги калктын социалдык аялуу катмарын социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин укуктук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык коргоо жана гуманитардык жардам башкы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Социалдык коргоо жана гуманитардык жардам департаменти болуп кайрадан түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Майыптарды медициналык-социалдык экспертизалоо жана реабилитациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борборуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборуна бөлүү жолу менен кайрадан түзүлсүн.
5. Социалдык кызмат көрсөтүү боюнча региондук борбор жана облустардын социалдык кызмат көрсөтүү боюнча борборлору алардын социалдык төлөмдөр боюнча функцияларын социалдык коргоонун аймактык бөлүмчөлөрүнө (социалдык коргоонун шаардык жана райондук башкармалыктарына) 2010-жылдын 1-январынан баштап өткөрүп берүү менен жоюлсун.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө:
- төмөнкүлөрдү иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө белгиленген тартипте киргизсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Социалдык коргоо жана гуманитардык жардам департаменти жөнүндө жобону; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жобону; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун иштөөсүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени карап чыксын жана тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин;
- бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери" тууралуу токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 604 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 706 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ
| Коллегия ├──────┤ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу | Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги | |||||
|---|---|---|---|---|---|---|
| Социалдык коргоо жана гуманитардык жардам департаменти | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды медициналык - социалдык экспертизалоо борбору | Республикалык протез- ортопедиялык буюмдар ишканасы | |||
| ┌──────┴───────────────┐ | ||||||
| Майып балдар жана кары-картаңдар үчүн жатак үйлөр | Социалдык жактан коргоонун райондук жана шаардык башкармалыктары | Райондор аралык жана адистешкен МСЭКтер |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" жобосу (2009-жылдын 17-ноябрындагы №709 токтому менен бекитилген)Постановление · 17.11.2009 · № 709
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 12.04.2007 · № 118 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 604 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык…Постановление · 21.12.2007 · № 604 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.04.2011 · № 169
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 12.04.2007 · № 118 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндөЗакон · 22.10.2009 · № 283 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 604 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык…Постановление · 21.12.2007 · № 604 · Күчүн жоготкон