# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 703 ""Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 703 ""Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 703
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13941/edition/357062/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 703 ""Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90341

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 13-ноябры № 703 "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чарлардын тиркелген планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.

2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 185 "Жарандардын репродукциялык укуктары жана аларды ишке ашыруу гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Калктын репродукциялык саламаттыгын сактоо боюнча секторлор аралык координациялык кеңештин курамы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары.".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

## III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы кырк алтынчы абзац менен толукталсын:

"- мамлекеттик органдардын балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана пропагандалоо, балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды сатууну жана жарнама кылууну жөнгө салуу жаатындагы ишин координациялайт;".

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсенов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 703 токтому менен бекитилген

"Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

| Иш-чаралар | Аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү |
| --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 |
| 1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-главасынын 4-беренесинде каралган зарыл чараларды көрүшсүн, бул зарыл чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт: - "тегерек столдорду", семинарларды өткөрүү; - жалпыга маалымдоо каражаттарында активдүү пропаганда жүргүзүү, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерде телероликтерди чыгаруу жана көрсөтүү, медициналык багыттагы сайттарда тиешелүү маалыматтарды жайгаштыруу, буклеттерди, китепчелерди түзүү жана жайылтуу, медициналык мекемелерде эмчек эмизүү боюнча стенддерди жасоо ж.б.; - эмчек эмизип багуунун балдардын, аялдын жана үй-бүлөнүн ден соолугуна тийгизген пайдасы жөнүндө маалымат өнөктүктөрүн жүргүзүү. 2. "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берип туруу | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, ЖӨБУА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик ишканалар, коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2009-жыл, дайыма |
| 3. Эмчек эмизип багуунун балдардын, аялдын жана үй-бүлөнүн ден соолугуна тийгизген пайдасы жөнүндө маалымат өнөктүктөрүн жүргүзүү | Маданият мамлекеттик агенттиги, Саламатмин, ЖӨБУА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги | 2009-жыл, дайыма |
| 4. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери үчүн калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча методикалык колдонмону иштеп чыгуу жана жайылтуу | Саламатмин | 2010-жыл |
| 5. Наристелерди жана кенже жаштагы балдарды тамактандыруу маселелери боюнча маалыматтык жана билим берүүчү материалдарды иштеп чыгуу жана жайылтуу | Саламатмин | 2009-жыл, дайыма |
| 6. Балдарды эмчек эмизип багуу жана тамактандыруу боюнча медициналык билим берүү мекемелеринин студенттери жана саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери үчүн окуу программаларына толуктоолорду киргизүү | Саламатмин, Билиммин | 2009-жыл, дайыма |
| 7. Багыт берүүчү кеңешмелердин программасын иштеп чыгуу жана бекитүү, аларды өткөрүүнүн графигин түзүү жана бекитүү | Саламатмин, ЖӨБУА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар | 2009-жыл, дайыма |
| 8. Балдарды эмчек эмизип багуунун пайдасы жөнүндө видеороликтерди даярдоо жана телекөрсөтүүдөн көрсөтүү | Саламатмин, Маданият мамлекеттик агенттиги | 2009-жыл, дайыма |
| 9. Дарылоо-профилактикалык уюмдардын адистери, айылдык ден соолук комитеттеринин өкүлдөрү жана айыл өкмөттөрүнүн тиешелүү адистери үчүн окутуу семинарларын облустук деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү | Саламатмин, ЖӨБУА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар | 2009-жыл, дайыма |
| 10. Биргелешкен күч-аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында балдарды эмчек эмизип багууну коргоо чөйрөсүндө иштеген коммерциялык эмес уюмдар менен кызматташтыкты уюштуруу | Саламатмин, Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, "Айкын" керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча коому (макулдашуу боюнча) | 2009-жыл, дайыма |
| 11. Индикаторлорду жана мониторингдин каражаттарын алдын ала карап, Мыйзамдын аткарылышына мониторингди жана баалоону иштеп чыгуу жана жүргүзүү | Саламатмин, "Айкын" керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча коому (макулдашуу боюнча) | Дайыма |
| 12. Балдарды эмчек эмизип багууну, кош бойлуу аялдардын жана эмчек эмизген аялдардын тамактануусун коргоонун, ошондой эле Мыйзамдын аткарылышынын маселелери боюнча веб-сайт түзүү жана колдоо | Саламатмин | 2010-жыл, дайыма |
