КР Өкмөтүнүн «Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган „Биргелешип фильм чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу“ Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 13-ноябры № 702 Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган "Биргелешип фильм чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган "Биргелешип фильм чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган Биргелешип фильм чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. 2008-жылдын 14-ноябрында Кишинев шаарында кол коюлган Биргелешип фильм чыгаруу тууралуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор аткарылгандыгы тууралуу Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (1)
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган биргелешип фильм чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралууЗакон · 27.01.2010 · № 11
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон