# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы №692 "Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы №692 "Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 692
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13931/edition/800497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы №692 "Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтому (04.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90330

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 5-ноябры №692 Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23 августундагы №172 токтомунун редакциясына ылайык) "Коргоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ата мекендик ун тартуучу тармактын кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү буудай унуна карата тиркемеге ылайык өлчөмдөгү пошлина өлчөмүн белгилөө түрүндө бир жылдык мөөнөткө коргоо чарасы киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:

- тиркемеге ылайык буудай унун импорттоодо пошлина алсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-майындагы № 296 "Буудай унунун импорттолушун териштирүүнүн башталышы жана убактылуу коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине ылайык товарларды импорттоодо убактылуу коргоо пошлиналарын алуунун натыйжасында алынган акчалай каражаттарды депозиттен республикалык бюджетке которсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги менен бирдикте тиркемеге ылайык товарларга карата пошлиналар киргизилгендиги жөнүндө Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине, ошондой эле ДСУ комитетине белгиленген тартипте билдирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Усенов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 токтомуна тиркеме

Буудай унуна пошлиналардын өлчөмү (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23 августундагы №172 токтомунун редакциясына ылайык)

Продукциянын аталышы

ТЭИ ТН боюнча коду ЕврАзЭС

Коргоо пошлинасынын ставкасы бажы наркына карата % же сом менен

Буудай уну

- катуу буудайдан

1101001100

1 кг үчүн 1 сомдон

- жумшак буудайдан жана стельптен

1101001500

1 кг үчүн 1 сомдон

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси

А.Карашев
