Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 4 мая 2017 года № 250 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-05-04.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 5-ноябры №692 Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23 августундагы №172 токтомунун редакциясына ылайык) "Коргоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ата мекендик ун тартуучу тармактын кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү буудай унуна карата тиркемеге ылайык өлчөмдөгү пошлина өлчөмүн белгилөө түрүндө бир жылдык мөөнөткө коргоо чарасы киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- тиркемеге ылайык буудай унун импорттоодо пошлина алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-майындагы № 296 "Буудай унунун импорттолушун териштирүүнүн башталышы жана убактылуу коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине ылайык товарларды импорттоодо убактылуу коргоо пошлиналарын алуунун натыйжасында алынган акчалай каражаттарды депозиттен республикалык бюджетке которсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги менен бирдикте тиркемеге ылайык товарларга карата пошлиналар киргизилгендиги жөнүндө Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине, ошондой эле ДСУ комитетине белгиленген тартипте билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Усенов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 токтомуна тиркеме
Буудай унуна пошлиналардын өлчөмү (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23 августундагы №172 токтомунун редакциясына ылайык)
Продукциянын аталышы
ТЭИ ТН боюнча коду ЕврАзЭС
Коргоо пошлинасынын ставкасы бажы наркына карата % же сом менен
Буудай уну
- катуу буудайдан
1101001100
1 кг үчүн 1 сомдон
- жумшак буудайдан жана стельптен
1101001500
1 кг үчүн 1 сомдон
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси
А.Карашев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.05.2017 · № 250
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы №112 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө…Постановление · 19.02.2010 · № 112 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2010 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-августундагы №172 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо…Постановление · 18.08.2010 · № 172 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.05.2017 · № 250
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 16-майындагы №296 "Буудай унунун импорттолушун териштируунун башталышы жана убактылуу коргоо чараларын киргизуу жонундо"токтомуПостановление · 16.05.2009 · № 296 · Күчүн жоготкон
- Коргоо чаралары жөнүндөЗакон · 31.10.1998 · № 141 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.