# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы №689 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 "Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы №689 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 "Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 689
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90327>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13928/edition/754108/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90327.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы №689 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 "Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (28.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90327

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 4-ноябры № 689 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 "Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу A/H1№1 тумоосунун жайылуусу боюнча дүйнөдөгү түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, калктын ден соолугуна пандемиянын тийгизүүчү таасиринин коркунучун төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 "Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана бардык текст боюнча "жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна" деген сөздөр "тумоого" деген сөз менен алмаштырылсын;

- бардык текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссия" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык маанидеги жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планында:

аталышында жана бардык текст боюнча "жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна" деген сөздөр "тумоого" деген сөз менен алмаштырылсын; бардык текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссия (ЭЭРӨК)" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык маанидеги жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитет (ӨКСКК)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Министрликтер, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тумоонун пандемиясы учурундагы иш-аракеттердин ведомстволук жана региондук пландарын бир айлык мөөнөттө иштеп чыгышсын жана бекитишсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Усенов
