Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 „Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 28 марта 2016 года № 151 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 4-ноябры № 689 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 "Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу A/H1№1 тумоосунун жайылуусу боюнча дүйнөдөгү түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, калктын ден соолугуна пандемиянын тийгизүүчү таасиринин коркунучун төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 "Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана бардык текст боюнча "жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна" деген сөздөр "тумоого" деген сөз менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссия" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык маанидеги жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планында:
аталышында жана бардык текст боюнча "жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна" деген сөздөр "тумоого" деген сөз менен алмаштырылсын; бардык текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссия (ЭЭРӨК)" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык маанидеги жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча өлкөлүк көп сектордуу координациялык комитет (ӨКСКК)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Министрликтер, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тумоонун пандемиясы учурундагы иш-аракеттердин ведомстволук жана региондук пландарын бир айлык мөөнөттө иштеп чыгышсын жана бекитишсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Усенов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосунун пандемиясына каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы №…План · 16.01.2006 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 "Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планын бекитүү…Постановление · 16.01.2006 · № 25 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 "Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук планын бекитүү…Постановление · 16.01.2006 · № 25 · Күчүн жоготкон