# КР Өкмөтүнүн 009-жылдын 4-ноябрындагы №683 "Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү принциптери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 009-жылдын 4-ноябрындагы №683 "Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү принциптери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 683
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13924/edition/357040/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 009-жылдын 4-ноябрындагы №683 "Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү принциптери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (04.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90323

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 4-ноябры №683 Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү принциптери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү принциптери жөнүндө макулдашуунун 11-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү принциптери жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетине кабарласын.

3. Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы аныкталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Д.Үсөнов
