Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 009-жылдын 4-ноябрындагы №683 «Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү принциптери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 4-ноябры №683 Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү принциптери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү принциптери жөнүндө макулдашуунун 11-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү принциптери жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетине кабарласын.
3. Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы аныкталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон