# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы №681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын кайра уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы №681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын кайра уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 681
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90322>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13923/edition/368497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90322.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы №681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын кайра уюштуруу жөнүндө" токтому (24.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90322

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 3-ноябры № 681 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын кайра уюштуруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-ноябрындагы № 697, 2009-жылдын 4-декабрындагы № 736 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган Өлкөнүн жаңылануу курсун жана мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ишин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын штаттык расписаниеси.

2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн ортосундагы функцияларды кайра бөлүштүрсүн жана аларды жүргүзүү чөйрөсүнүн маселелерин аныктасын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине бекитүүгө киргизсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 290 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-мартындагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 290 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-декабрындагы № 717 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 290 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы № 185 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апрелиндеги "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 25-июлундагы № 324 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 504 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 27-мартындагы № 168 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 25-декабрындагы № 487 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 3-февралындагы № 48 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 19-февралындагы № 76 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 121 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 9-июлундагы № 232 буйругу.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Үсөнөв

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Үсөнов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 681 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ШТАТТЫК РАСПИСАНИЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-ноябрындагы № 697, 2009-жылдын 4-декабрындагы № 736 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

| № | Түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жана кызматтардын аталыштары | Штаттык бирдиктердин саны |
| --- | --- | --- |
| 1 | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | 1 |
| 2 | Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүлү | 1 |
| 3 | Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри | 1 |
| 4 | Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси | 1 |
| 5 | Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары - өкмөттүн чечимдерин даярдоо жана контролдоо боюнча башкармалыктын начальниги | 1 |
| 6 | Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары - өз ара аракеттенүү башкармалыгынын начальниги | 1 |
| 7 | Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары - администрациялык реформалар башкармалыгынын начальниги | 1 |
| 8 | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин секретариаты | 16 |
|  | Премьер-министрдин кеңешчиси | 2 |
|  | Премьер-министрдин жардамчысы | 1 |
|  | Биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси | 1 |
|  | Биринчи вице-премьер-министрдин жардамчысы | 1 |
|  | Вице-премьер-министрдин жардамчысы | 1 |
|  | Вице-премьер-министр - Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин жардамчысы | 1 |
|  | Эл аралык кызматташуу жана протокол кызматы | 4 |
|  | Кызматтын жетекчиси | 1 |
|  | Эксперт | 3 |
|  | Басма сөз-кызматы | 5 |
|  | Басма сөз-кызматынын жетекчиси | 1 |
|  | Эксперт | 4 |
| 9 | Өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмү | 21 |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Бөлүм башчынын орун басары | 1 |
|  | Эксперт | 16 |
|  | Региондук проблемалар сектору | 3 |
|  | Сектор башчы | 1 |
|  | Эксперт | 2 |
| 10 | Укуктук колдоо бөлүмү | 7 |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Бөлүм башчынын орун басары | 1 |
|  | Эксперт | 5 |
| 11 | Өкмөттүн чечимдерин даярдоо бөлүмү | 15 |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Бөлүм башчынын орун басары | 1 |
|  | Иш кагаздар сектору | 4 |
|  | Сектор башчы | 1 |
|  | Эксперт | 3 |
|  | Өкмөттүн чечимдерин чыгаруу боюнча сектор | 8 |
|  | Сектор башчы | 1 |
|  | Эксперт | 7 |
|  | Биринчи сектор | 1 |
|  | Эксперт | 1 |
| 12 | Контролдоо бөлүмү | 4 |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Эксперт | 3 |
| 13 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Институту жана борбордук органдар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү | 4 |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Эксперт | 3 |
| 14 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүк | 5 |
|  | Туруктуу өкүл | 1 |
|  | Туруктуу өкүлдүн орун басары | 2 |
|  | Эксперт | 2 |
| 15 | Аткаруу бийлигинин аймактык органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү | 9 |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Бөлүм башчынын орун басары | 1 |
|  | Инспектор | 7 |
| 16 | Коомчулук менен өз ара аракеттенүү боюнча бөлүм | 4 |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Эксперт | 3 |
| 17 | Администрациялык реформалар саясатын изилдөө жана иштеп чыгуу бөлүмү | 5 |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Эксперт | 4 |
| 18 | Администрациялык реформаларды ишке ашыруу бөлүмү | 7 |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Эксперт | 6 |
| 19 | Администрациялык реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмү | 5 |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Эксперт | 4 |
| 20 | Окутуу жана адам ресурстарын башкаруу бөлүмү | 5 |
|  | Бөлүм башчы | 1 |
|  | Эксперт | 4 |
|  | Жыйынтыгы: | 114 |
|  | анын ичинде: |  |
|  | Жетекчилик | 4 |
|  | Премьер-министрдин секретариаты | 16 |
|  | Өкмөттүн Аппараты | 94 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 681 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ТҮЗҮМҮ

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-ноябрындагы № 697 токтомунун редакциясына ылайык)

| Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| ┌──────────────────────┼──────────────────────┐ ┌──────────┴────────┐ ┌───────────┴───────┐ ┌────────┴─────────┐ Биринчи вице-премьер-ми- нистр - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги өкүлү └───────────────────┘ └───────────┬───────┘ ┌────────────────┬───────┴───────┐ └────────────────┐ ┌────────┴──────┐ ┌───────┴───────┐ ┌─────┴─────────┐ Кыргыз Респуб- ликасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары - Кыргыз Респуб- ликасынын Өкмөтүнүн чечимдерин даярдоо жана контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги - 48 ├───────────────┘ └───────┬───────┘ └───────┬───────┘ ┌───────┘ ┌──────┘ ┌───────────┐ ├──┤ чечимдерин └───────────┘ ┌───────────┐ ├──┤ Укуктук └───────────┘ ┌───────────┐ ├──┤ Өкмөттүн └───────────┘ ┌───────────┐ └──┤Контролдоо бөлүмү - 4 └───────────┘ └────────────┘ ┌────────────┐ ├──┤ бийлигинин └────────────┘ ┌────────────┐ └──┤менен өз ара аракеттенүү боюнча бөлүмү - 4 | └──────────────────┘ министрлердин ры - 4; ┌────────────┐ Өкмөттүн ├──┤публикасынын эксперти- залоо бөлүмү - 21 колдоо бөлүмү - 7 └────────────┘ чечимдерин даярдоо бөлүмү - 15 └────────────┘ Аткаруу аймактык органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү - 9 Коомчулук | Вице-премьер-ми- нистр - Кыргыз Республикасынын ├──┐ Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси Кыргыз Респуб- ликасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - өз ара аракеттенүү башкармалыгынын начальниги - 23 ┌────────────┐ ├──┤ циялык жана борбордук бөлүмү - 4 ┌────────────┐ ├──┤публикасынын Кыргыз Рес- публикасынын гү - 5 бөлүмү - 5 └──┤ адам └────────────┘ | вице-премьер- жардамчыла- - эл аралык кызматташуу органдар ├──┤ циялык реформаларды ├──┤ циялык Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлү- ┌────────────┐ Окутуу жана ресурстарын башкаруу бөлүмү - 5 | Кыргыз Республикасынын Кыргыз Респуб- ликасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - администрация- лык реформалар башкармалыгынын начальниги - 23 Кыргыз Рес- кызматы - 4; Президенти- нин Институту менен өз ара аракеттенүү ишке ашыруу Кыргыз Рес- └────────────┘ Өкмөтүнүн | министри ┌──────┴───────┤ иштеп чыгуу бөлүмү - 5 └────────────┘ Администра- талдоо | Секрета- риат - 16: - Премьер-ми- нистрдин жана вице-премьер- министрлердин кеңешчиле- ри - 3; - Премьер-ми- нистрдин жана вице-премьер- ┌────────────┐ ┌────────────┐ реформаларды мониторинг- дөө жана | Администра- реформалар саясатын изилдөө жана Администра- бөлүмү - 7 | └──────────────┘ | жана протокол - басма сөз- кызматы - 5 |

Жыйынтыгы: 114 штаттык бирдик, анын ичинде: Жетекчилик - 4; Аппарат - 94; Секретариат - 16.
