# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №670 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №670 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 670
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90311>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13912/edition/1156870/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90311.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №670 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (29.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90311

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 29-октябры № 670 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Д.Усенов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 351-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"351-берене. Альтернативдик кызмат өтөөдөн качуу Аскер кызматынан бошотулган адамдардын альтернативдик кызмат өтөөдөн качуусу, - жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмдөгү айып же жүздөн эки жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштар менен жазаланат.".

2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 351-1-берене менен толукталсын:

"351-1-берене. Аскер кызматын өтөөдөн качуу (1) Жарандын аскер жыйындарынан өтүүдөн баш тартып жана мыйзамдарда белгиленген өлчөмдөгү акча каражаттарын төлөбөй же толук эмес төлөп, чакырылуучу мобилизациялык резервде аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан качуусу, - жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмдөгү айып же жүздөн эки жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштар менен жазаланат. (2) Аскер кызматынан бошотуу үчүн мыйзамдуу негиздери жок болгондо, аскер кызматына чакыруудан качуу, - эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмдөгү айып же жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштар менен жазаланат.".

2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
