Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-10-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 29-октябры № 670 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Д.Усенов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 351-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"351-берене. Альтернативдик кызмат өтөөдөн качуу Аскер кызматынан бошотулган адамдардын альтернативдик кызмат өтөөдөн качуусу, - жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмдөгү айып же жүздөн эки жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштар менен жазаланат.".
2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 351-1-берене менен толукталсын:
"351-1-берене. Аскер кызматын өтөөдөн качуу (1) Жарандын аскер жыйындарынан өтүүдөн баш тартып жана мыйзамдарда белгиленген өлчөмдөгү акча каражаттарын төлөбөй же толук эмес төлөп, чакырылуучу мобилизациялык резервде аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан качуусу, - жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмдөгү айып же жүздөн эки жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштар менен жазаланат. (2) Аскер кызматынан бошотуу үчүн мыйзамдуу негиздери жок болгондо, аскер кызматына чакыруудан качуу, - эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмдөгү айып же жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштар менен жазаланат.".
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР ЖК 2009-жылдын 3-декабрындагы № 1515-IV "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун…Постановление · 03.12.2009 · № 1515-IV
- КР ЖК 2009-жылдын 18-декабрындагы № 1571-IV "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу…Постановление · 18.12.2009 · № 1571-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон