# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 668
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90309>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13910/edition/395217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90309.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90309

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №134 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 29-октябры №668 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №167, 13 сентября 2011 года №550 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаменти жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаменти жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин башкаруу схемасы.

2. Төмөндөгүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин укук улантуучусу болот;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаменти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик мүлк фондунун укук улантуучусу болот;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаменти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Банкроттук иштери боюнча башкармалыктын укук улантуучусу болот;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин кызматкерлеринин сандык чеги 126 адам (тейлөөчү жана техникалык персоналдан тышкары) болот.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №167 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" жөнүндө токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №167 токтомунун редакциясына ылайык)

| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ├──────┤ Коллегия мүлк министрлиги |  |  |
| --- | --- | --- |
| ┌─┤ Ведомстволук бөлүмчөлөр └──────────────────────────────┘ └─────────────────────────────┘ ┌────────────────────────────────────────┐ ├───┤ Мамлекеттик мүлк министрлигинин └────────────────────────────────────────┘ ┌────────────────────────────────────────┐ ├───┤ Мамлекеттик мүлк министрлигинин └────────────────────────────────────────┘ ┌────────────────────────────────────────┐ └───┤ мүлк министрлигинин Улутташтырылган мүлктү башкаруу боюнча Фонду | Кыргыз Республикасынын Мүлктүк мамилелер департаменти Кыргыз Республикасынын Банкроттук иштер боюнча департаменти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик | Аймактык бөлүмчөлөр |
