# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №665 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 616 "Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияны сатууну иретке салуу боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №665 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 616 "Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияны сатууну иретке салуу боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 665
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13907/edition/1156856/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90306.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №665 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 616 "Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияны сатууну иретке салуу боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (29.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90306

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 29-октябры № 665 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 616 "Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияны сатууну иретке салуу боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу "Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 616 "Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияны сатууну иретке салуу боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияны чекене сатуу эрежелери деген II бөлүмгө төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- 2.3-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- 18 жашка чыга элек адамдарга;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 2.19-пункт менен толукталсын:

"2.19. Алкоголдук продукцияны болжол менен жашы 18 жашка чыга элек адамдарга сатууну жүзөгө ашырган адамдар төмөнкүгө укуктуу:

- алардан инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID карта) же аны алмаштырган документти көрсөтүүнү талап кылууга.

Паспортту алмаштырган документтерге төмөнкүлөр кирет: анык аскер кызматынын офицеринин күбөлүгү, мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысынын аскердик билети, айдоочунун күбөлүгү;

- инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди көрсөтпөгөн учурда аларга алкоголдук продукцияны сатуудан баш тартууга.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Д.Усенов
