# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 649
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13904/edition/400270/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (05.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90303

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 616 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 19-октябры №649 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук базасына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 294 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин башкаруу схемасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Республикалык борбордук мамветлаборатория" деген позиция төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен алмаштырылсын:

"Республикалык мамлекеттик ветеринардык диагностика борбору";

- "Райондор аралык жана райондук ветлабораториялар" деген позиция төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен алмаштырылсын:

"Райондор аралык зоналык жана райондук мамлекеттик ветеринардык диагностика борбору".

2. "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 562 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкаруу схемасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Ветеринардык диагностиканын республикалык борбору" деген позиция төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен алмаштырылсын:

"Республикалык мамлекеттик ветеринардык диагностика борбору";

- "Райондор аралык жана райондук ветеринардык диагностика борборлору" деген позиция төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен алмаштырылсын:

"Райондор аралык зоналык жана райондук мамлекеттик ветеринардык диагностика борбору".

3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
