# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №645 "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донорлоруна жеңилдиктерди берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №645 "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донорлоруна жеңилдиктерди берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 645
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90300>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13901/edition/1265186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90300.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №645 "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донорлоруна жеңилдиктерди берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (23.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90300

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 19-октябры № 645 Кыргыз Республикасынын Ардактуу донорлоруна жеңилдиктерди берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык) "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- канды же анын компоненттерин бекер берген донорго тамак-аш үчүн бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө акчалай компенсация берүүнү тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын;

- канды же анын компоненттерин акы үчүн берген донорго бир жолу кан бергендиги үчүн - үч эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, эки эселүү плазмаферезде плазма бергендиги үчүн - беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, эки эселүү плазмаферезде иммундук плазма бергендиги үчүн - жети эсептик көрсөткүч өлчөмүндө акчалай компенсация төлөп берүүнү тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
