# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-октябрындагы №641 "Запастагы офицерлерди аскердик кызматка чакыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-октябрындагы №641 "Запастагы офицерлерди аскердик кызматка чакыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 641
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13897/edition/1142858/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-октябрындагы №641 "Запастагы офицерлерди аскердик кызматка чакыруу жөнүндө" токтому (16.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90296

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 16-октябры № 641 Запастагы офицерлерди аскердик кызматка чакыруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2009-жылы аскердик каттоо адистиги медициналык кызмат болгон, аскердик кызматка жарактуу 46 запастагы офицер Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин офицердик курамдагы кызмат орундарында аскердик кызмат өтөө үчүн белгиленген тартипте эки жыл мөөнөткө аскердик кызматка чакырылсын.

2. Запастагы офицерлердин аскердик кызматка чакырылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине тапшырылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов
