# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы №637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы №637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 637
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90292>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13894/edition/356990/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90292.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы №637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому (09.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90292

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 9-октябры № 637 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун объекттеринин акысын төлөө маселесин жайгаруу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 135 "Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 25 дареги боюнча жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети төмөнкү объекттерди белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кайтарып алсын:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жалпы аянты 792 кв. метрди түзгөн (биринчи кабатта - 19 кабинет, экинчи кабатта - 3 кабинет), Бишкек шаары, Эркиндик проспекти, 30 дарегинде жайгашкан Геология институтунун имаратындагы жайлардын бир бөлүгүн;

- Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 25 дарегинде жайгашкан имаратты;

- Бишкек шаары, Кулатов көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан, Кыргыз Республикасынын "Курулушинновация" фондуна тиешелүү болгон имаратты;

- Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин имаратындагы актовый залды жана ашкананы;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуулар башкармалыгынын Бишкек шаары, Чыгыш өнөр жай зонасы, Автосборочная көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан администрациялык-өндүрүштук базасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
