# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы №628 "Республикалык маанидеги "Айгүл-Таш тоосу" мамлекеттик ботаникалык заказникти түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы №628 "Республикалык маанидеги "Айгүл-Таш тоосу" мамлекеттик ботаникалык заказникти түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 628
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90283>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13885/edition/356980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90283.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы №628 "Республикалык маанидеги "Айгүл-Таш тоосу" мамлекеттик ботаникалык заказникти түзүү жөнүндө" токтому (09.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90283

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 9-октябры № 628 Республикалык маанидеги "Айгүл-Таш тоосу" мамлекеттик ботаникалык заказникти түзүү жөнүндө "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, уникалдуу табигый комплекстерди жана биологиялык түрлөрдү сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Баткен районунун аймагында Республикалык маанидеги "Айгүл-Таш тоосу" мамлекеттик ботаникалык заказник 10 жыл мөөнөткө түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте:

- Республикалык маанидеги "Айгүл-Таш тоосу" мамлекеттик ботаникалык заказниктин чек арасын, жерлеринин экспликациясын жана паспортун белгиленген тартипте, акысыз түзсүн;

- Республикалык маанидеги "Айгүл-Таш тоосу" мамлекеттик ботаникалык заказник жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;

- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын режими тийиштүү түрдө сакталышын камсыздасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
