# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы №626 "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы №626 "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 626
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13883/edition/1142844/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы №626 "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу жөнүндө" токтому (09.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90281

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 9-октябры № 626 "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу жөнүндө "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө жана төртүнчү этабын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 2003-III токтомуна, "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобонун 42-1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакети (коомдун уставдык капиталынан 80,49 процент) баасы белгиленбестен инвестициялык конкурска коюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин (коомдун уставдык капиталынан 80,49 процент) баасын белгиленбестен сатуу боюнча инвестициялык конкурсту даярдасын жана өткөрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
