# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №601 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №601 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 601
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13874/edition/816589/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы №601 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (23.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90272

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 19-сентябры №601 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын банктары сатып алган транспорт каражаттарын тариздөөдө жыйымдардын эки жолу алынышын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтому менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 46-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"- менчик укугун өткөрүп бергенге чейин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдердин негизинде сатып алган автомототранспорт каражаттары боюнча Кыргыз Республикасынын банктары;".

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

И.Чудинов
