# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 576
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13871/edition/699574/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (01.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90267

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 12-сентябры № 576 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- аталган токтомдун тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 14-25-пункттар менен толукталсын:

| № | Ишканалардын аталышы | Чыгарчу продукциясынын аталышы |
| --- | --- | --- |
| 14 | "Ала-Тоо Жаны Шанчен" ЖчК | CG-L-G.4 - CG-L-G.100 тибиндеги алдын ала төлөөчү смарт-карталары бар тиричиликтик жана өнөр жайлык газ эсептегичтер |
| 15 | "Насос завод" ЖчК | ПП-10, МТ-1 траверстер; М-8 бириктиргич муфта; М-8 бургуч; РПС-1/1 ПЛ-100А, 250А, 400А, 630А рубильниктер; ПН-100А, 250А, 400А сактагычтар; А25, А35, А50, А70 учтар; РЛНД үчүн комплект ламелдер; 100-630А жез губкалар; SL жазы кыпчыткычтар; ПС-2-1 типтеги туташтыргыч кыпчыткычтар; ПВЭС аппараттык кыпчыткычтар; ЭЦВ 6-6,3-125; ЭЦВ 6-10-80; ЭЦВ 10-63-65; ЭЦВ 10-63-110 тереңдик электр насостор; электрон эсептегичтер үчүн кутулар; суу чыгаргыч чоюн колонкалар жана өрт өчүргүч гидранттар; грейдерлик бычактар, талкалагыч балканын учу |
| 16 | "Айнур заводу" ААК | 450А чейин аз кубаттуулуктагы трансформаторлор; 300 кг чейинки салмакты өлчөөчү приборлор; 10А чейин электрдик орноткуч буюмдар; 10А чейин тиричиликтеги электр узарткычтар; розеткалар, вилкалар, патрондор |
| 17 | "Алтын тамыр" ЖАК | Айыл чарба жаныбарлары үчүн вакциналар жана диагностикумдар: кутурмага каршы вакцина, шарпка каршы "А", "О" жана "Азия-1" тибиндеги моноваленттүү жана поливаленттүү вакциналар, койдун, эчкинин чечегине, кепшөөчү майда жаныбарлардын чумасына, бруцеллезго, күйдүргүгө каршы вакциналар, "А", "О" жана "Азия-1" тибиндеги штамм-өзгөчөлүктүү шарпка каршы антиген жана бруцеллездун антигени. "А", "О" жана "Азия-1" тибиндеги штамм-өзгөчөлүктүү шарпка каршы, гемолит сыворотка. Кургак комплемент |
| 18 | "Кызыл-Кыя машина куруу заводу" ЖТАК | Траверстер; КТП шкафтар; РЛНД - 10 ажыраткычтар |
| 19 | "Инструмен- тальщик" ЖчК | Энергетикалык жабдуу үчүн запас тетиктерди жасоо: тиштүү венецтер, кыймылга келтиргич шестерня, май насос, вал-шестерня, жүк көтөргүч тальдын барабаны жана өндүрүштүк процесстин башка технологиялык жабдыктары |
| 20 | "Болот" ЖчК | Көмүр майдалагыч жабдуу үчүн запас тетиктерди жасоо: - полдук брондун брусу, футеровка, броня |
| 21 | "Кара-Балта ремонттук- механикалык завод" ЖчК | Валиктердин бандажы, столдун брону |
| 22 | "Дастан" ТУК ААК | Энергетикалык жана көмүр тетиктерди жасоо: - майдалагыч жабдуулар үчүн запас тетиктер: било, било кармагычтар, салаалар |
| 23 | "Деона" ААК | Литье, било, брон устун |
| 24 | "Железобе- тон" ААК | 35-50 кВт электр өткөргүч линиялар үчүн фундаменттер; бардык чыңалуулардагы подстанциялар үчүн курама темир-бетон; 04-35 кВт чыңалуудагы линиялар үчүн темир-бетон түркүктөр; курулуштук металл конструкциялар жана энергия компаниялары үчүн заказчынын чиймеси боюнча конструкциялар |
| 25 | "Автомаш-Ра- диатор" ЖчК | МТЗ тракторлор (Беларусь); МТЗ трактордун базасындагы экскаватор-бульдозерлор; "Енисей-1200" эгин оргуч комбайндар; сепкичтер |

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов
