# КР Окмотунун 2009-жылдын 11-сентябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 "Социалдык-эмгек мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Окмотунун 2009-жылдын 11-сентябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 "Социалдык-эмгек мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 573
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13868/edition/380147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Окмотунун 2009-жылдын 11-сентябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 "Социалдык-эмгек мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (11.09.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90264

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 11-сентябры № 573 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 "Социалдык-эмгек мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө Социалдык-эмгектик жана аны менен байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун негизги маселелери боюнча макулдашылган чараларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-декабрындагы № 718 "Социалдык-эмгек мамилелерди жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 2-пункт "тапшырылсын" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын иш берүүчүлөр бирикмесинин ортосундагы Башкы макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов
