Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Окмотунун КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-09-11.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 11-сентябры № 570 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 9, 440-берене) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 1-берене:
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу - айыл чарбасын жүргүзүү менен байланышпаган максаттарда пайдалануу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган айыл чарба жерлерин берүүдө же болбосо культивациялоо жана айыл чарбалык айландыруудан алып салынуучу жердин деңгээлине чейин топурактын асылдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды аларда жүргүзүүнү эске алуу менен ага барабар жаңы жерлердин аянттарын өздөштүрүү өлчөмүндө жерди башка категорияга жеке жана юридикалык жактардын менчигинде турган айыл чарба жерлерин которууда төлөнүүчү сумма;"; төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын: "14-1) жер участогунун менчик ээси жана жерди пайдалануучу тарткан чыгымдар - жер участогунун менчик ээси же жер пайдалануучу тарткан, келтирилген зыян жана/же алардан алынбай калган пайда: зыян - жер участкасынын жоготууларын же бузулууларын калыбына келтирүү үчүн менчик ээси же жер пайдалануучу тарабынан өндүрүлгөн же өндүрүлүүчү чыгымдар; алынбай калган пайда - алынбаган киреше, аны менчик ээси же жер пайдалануучу жарандык айландыруунун демейдегидей шарттарында ала алмак;".
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-берене менен толукталсын:
"11-1-берене. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу
1. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган айыл чарба жерлерин жердин башка категориясына которууда мамлекеттик органдарга жана мекемелерге оперативдүү башкарууга берилүүчү жерлерди кошпогондо, айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулары жана андан алынбай калган пайда жер участогу пайдаланууга же менчикке берилген жеке жана юридикалык жактар тарабынан орду толтурулат.
2. Айыл чарбасын жүргүзүү менен байланышпаган максатта пайдалануу үчүн жеке жана менчиктин башка формасында турган айыл чарба жерлерин которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулары мамлекетке жер участкасынын менчик ээси тарабынан орду толтурулат.
3. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулары жана алынбай калган пайда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте орду толтурулат жана пайдаланылат.
4. Айыл чарба багытындагы жерлерди башка категорияга которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулары төмөнкүдөй учурларда орду толтурулбайт:
- айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу жана кургатуу үчүн арналган мелиоративдик системаларды куруу максатындагы;
- көлмөлөрдөгү балык чарбаларын, балык багуучу жайларды, урукташтыруу - өстүрүү чарбаларын жана балык заводдорун куруу максатындагы (көп жылдык өсүмдүктөр өскөн, маданий жайыттар жана чабындылар ээлеген участкаларды жана айдоолорду кошпогондо);
- турак үйлөрдү куруу максатында мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерлерден;
- мектеп, мектепке чейинки балдар мекемелерин, дарылоочу жайларды, дене тарбия, спорт, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү объекттерди куруу максатындагы;
- жаратылышты коргоо жана тарыхый-маданий багыттагы объекттерди (коруктарды, жаратылыш, мемориалдык, улуттук жана дендрологиялык парктарды, ботаникалык бактарды, коруктарды, жаратылыш, археологиялык жана тарыхый-архитектуралык эстеликтерди, көрүстөндөрдү) түзүү максатындагы;
- каржылоо толук мамлекеттик бюджеттен жүргүзүлүүчү мамлекеттик объекттерди куруу максатындагы.".
3. 61-берененин 3-пунктундагы ", ага келтирилген чыгашаны толугу менен" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 22.07.2011 · № 117 · Күчүн жоготкон