# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 "Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 "Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 566
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13862/edition/680638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 "Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90257

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 10-сентябры № 566 Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 418, 2015-жылдын 27-январы № 26, 2015-жылдын 23-октябры № 730, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык) Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын администрациялык-аймактык бирдигинин курамында турган, айылдардын жана шаарчалардын жергиликтүү маанидеги маселелерин оперативдүү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесине, "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаарлардын мэриялары шаардык кеңештердин макулдугу менен № 1 тиркемеге ылайык шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарын түзө ала тургандыгы белгиленсин.

2. Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарынын аппараттарын күтүү шаардык жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине бир айлык мөөнөттө Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктары жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу жана республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирүү, анда айылдардын калкынын жашоо-турмушунун маселелерин чечүү боюнча шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарынын ыйгарым укуктарын караштыруу сунушталсын.

5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-октябры № 730 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

7. КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-январы № 26 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 230 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 токтомуна № 1 тиркеме

Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктары (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 418 токтомуна ылайык)

| Шаарлардын аталыштары | Шаарлардын мэрияларынын түзүлүүчү айылдардын аймактык башкармалыктарынын саны |
| --- | --- |
| Бишкек | 1 |
| Ош | 1 |
| Жалал-Абад | 1 |
| Кара-Көл | 2 |
| Майлуу-Суу | 2 |
| Таш-Көмүр | 2 |
| Кызыл-Кыя | 1 |
| Сүлүктү | 1 |
| Каракол | 1 |
| Балыкчы | 1 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

Н.Айтмурзаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 токтомуна № 2 тиркеме

Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 418 токтомуна ылайык)

|  | Кызматтардын аталышы | Калктын санына жараша штаттык сан (миң адам) |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- |
|  |  | 5ке чейин | 5тен 20га чейин | 20дан жогору |
| 1 | Жетекчи | 1 | 1 | 1 |
|  | Жетекчинин орун басары |  |  | 1 |
| 2 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 |
| 3 | Жетектөөчү адис | 1 | 2 | 3 |
| 5 | Айыл башчысы(\*) |  |  |  |
| 6 | Техникалык тейлөөдө иштеген кызматкерлер |  |  |  |
|  | Башкы бухгалтер |  | 1 | 1 |
|  | Кассир |  | 1 | 1 |
|  | Иш кагаздарын жүргүзүүчү |  | 1 | 1 |

Эскертүү:

- айылдардын аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бөлүштүрүү аймактардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт;

(\*) - айыл башчысынын кызматы шаарлардын администрациялык-аймактык бирдиктеринин курамында калктуу конуштардын санына ылайык, жетектөөчү адистин деңгээлинде эмгек акы төлөө менен киргизилет;

- калкы 5 миң адамга чейин болгон аймактык башкармалыктын бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун жүргүзүү мэриянын башкы бухгалтери тарабынан жүзөгө ашырылат;

- зарылдыгына жараша шаардык финансы башкармалыгы менен макулда-

шуу боюнча кенже тейлөөчү кызматкердин (КТК) кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

Н.Айтмурзаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 токтомуна № 3 тиркеме

Облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны

| Шаарлардын аталышы | Мэр | Биринчи Вице мэр | Вице мэр | Аппарат жетек- чиси | Бөлүм башчысы | Сектор башчысы | Башкы бух- галтер |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Балыкчы | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 |  |
| Жалал-Абад | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 |  |
| Каракол | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 |  |
| Кара-Көл | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 |  |
| Кызыл-Кыя | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 |  |
| Майлуу-Суу | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 |  |
| Нарын | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | \- | 1 |  |
| Сүлүктү | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |  |
| Талас | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |  |
| Таш-Көмүр | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 |  |
| Токмок | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 1 |  |
| Баткен | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 2 | 1 |  |
| Бардыгы | 12 | 12 | 12 | 12 | 13 | 20 | 12 |  |
| Систе- малык админи- стратор | Баш- кы адис | Жетек- төөчү адис | Айыл башчысы (айыл ста- ростасы) | 1-кате- гория- дагы адис | Жетекчи- лердин катчы- лары | Секре- тарь-ма- шинистка | Чарба баш- чысы | Жыйын- тыгы |
| 1 | 2 | 2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 18 |
| 1 | 4 | 3 | \- | 1 | 1 | 1 | 1 | 20 |
| 1 | 3 | 2 | \- | 1 | 1 | 1 | 1 | 18 |
| 1 | 3 | 2 | \- | 1 | 1 | 1 | 1 | 18 |
| 1 | 3 | 3 | \- | 1 | 1 | 1 | 1 | 19 |
| 1 | 3 | 2 | \- | 1 | 1 | 1 | 1 | 18 |
| 1 | 4 | 2 | \- | 1 | 1 | 1 | 1 | 17 |
| 1 | 2 | 2 | \- | 1 | 1 | 1 | 1 | 16 |
| 1 | 2 | 2 | \- | 1 | 1 | 1 | 1 | 16 |
| 1 | 3 | 3 | \- | 1 | 1 | 1 | 1 | 19 |
| 1 | 6 | 5 | \- | 1 | 1 | 1 | 1 | 25 |
| 1 | 2 | 2 | \- | 1 | 1 | 1 | 1 | 17 |
| 12 | 37 | 30 | 1 | 12 | 12 | 12 | 12 | 221 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

Н.Айтмурзаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 токтомуна № 4 тиркеме

Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмү жана штаттык саны

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-октябры № 730 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

Н.Айтмурзаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 токтомуна № 5 тиркеме

Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясынын типтүү түзүмү жана штаттык саны

| Кызматтардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
| --- | --- |
| Башчы | 1 |
| Башчынын биринчи орун басары | 1 |
| Башчынын орун басары | 3 |
| Аппарат жетекчиси | 1 |
| Системалык администратор | 1 |
| Бөлүм башчысы | 4 |
| Башкы адис | 11 |
| Жетектөөчү адис | 11 |
| Адис | 4 |
| Бардыгы | 37 |
| Техникалык тейлөөдө иштеген кызматкерлер |  |
| Башкы бухгалтер | 1 |
| Кассир | 1 |
| Чарба башчысы | 1 |
| Жетекчинин катчысы | 2 |
| Кенже тейлөөчү кызматкерлер | 5 |
| Жыйынтыгы | 47 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

Н.Айтмурзаев
