# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 565 "«Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 565 "«Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 565
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13860/edition/439530/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 565 "«Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90255

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 10-сентябры № 565 «Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы № 435 «Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгына жана «Лицензиялоо - уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) аталышында жана 1 жана 7-пункттарда «Ишкерликтин» деген сөз «Иштин» деген сөзгө алмаштырылсын;

- 5- пункт күчүн жоготту деп табылсын;

б) аталган токтом менен бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

- аталышында жана 1.1. жана 1.6-пункттарда «Ишкерликтин» деген сөз «Иштин» деген сөзгө алмаштырылсын;

- 2-главанын 2.5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

- 10-главанын 10.1-пунктунун 4-пунктчасында «коду (номери)» деген сөздөр «салыктык номери» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 16-главанын 16.2-пунктунда «код» деген сөз «салыктык номер» деген сезгө алмаштырылсын;

- 20-глава күчүн жоготту деп табылсын;

- 20-1-главада:

аталышында «, курулуш (курулма)» деген сөздөр алып салынсын; 1-пунктта:

- үчүнчү абзац алып салынсын;

- төртүнчү абзац «объекттер» деген сөздөн кийин «туруктуу орнотулган жана жылып жүрүүчү жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор жана фуникулерлор пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объекттерди пайдаланууну кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын;

- бешинчи абзацтагы «, курулуш» жана «курулуштарда» деген сөздөр алып салынсын;

5-пунктта:

- биринчи абзац төмөнкудөй редакцияда баяндалсын:

«Лицензиянын тиркемелеринде белгиленүүчү шарттар:»;

- «б» пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;

9-пункттун жетинчи абзацы «ишмердик» деген сөздөн кийин «, же болбосо лицензиат тарабынан аталган документтердин ээси менен келишимдин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилүүгө тийиш» деген сөздөр менен толукталсын;

- «Жеке менчик медициналык практиканы жүзөгө ашырууга байланыштуу иштерди лицензиялоо өзгөчөлүгү» деген 21-главада:

- 3- пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

« 3. Медициналык кызматтын төмөнкүдөй түрлөрү лицензиялоодон өтүшү керек:

1) саламаттык сактоо мекемелеринде жана (же) үйдөгү амбулатордук-поликлиникалык медициналык жардам:

- акушерлик жана гинекология;

- андрология;

- анестезиология жана реаниматология;

- генетика;

- гериатрия;

- дерматовенерология;

- иммунология;

- иммунопрофилактика;

- инфекциялык оорулар (өтө коркунучтуу эмес инфекциялар);

- колопроктология;

- косметология:

- терапевдик;

- хирургиялык;

- наркология;

- неврология;

- нейрохирургия (консультациялык-диагностикалык);

- отоларингология; сурдология;

- офтальмология;

- үй-бүлөнү пландоо жана репродукция:

- экстракорпоралдык уруктандыруу;

- педиатрия;

- психотерапия;

- сексопатология;

- стоматология;

- терапия:

гастроэнтерология; физиотерапия; нефрология; кардиология; гематология; аллергология; ревматология; эндокринология;

- токсикология (консультациялыкдиагностикалык);

- травматология жана ортопедия;

- урология;

- хирургия;

- дарылоочу эндоскопия;

күндүзгү стационар (жүргүзүлүүчү иштердин түрлөрү көрсөтүлөт);

2) медициналык тез жардам;

3) диагностика:

- лабораториялык диагностика;

- нурдуу диагностика:

компьютердик жана магниттик-резонанстык томография; рентгенологиялык; ультраүндүү; функционалдык диагностика; эндоскопиялык диагностика;

4) жалпы дарыгерлик практика, үй-бүлөлүк медицина;

5) калкка стационардык медициналык жардам;

- акушердик жана гинекология:

экстракорпоралдык уруктандыруу;

- андрология;

- анестезиология жана реаниматология;

- генетика;

- гериатрия;

- дерматовенерология;

- диабетология;

- инфекциялык оорулар (өзгөчө коркунучтуу эмес);

- клиникалык трансфузиология;

- колопроктология;

- комбустиология;

- косметология:

хирургиялык;

- литотрипсия;

- наркология;

- нейрохирургия;

- неонатология;

- отоларингология;

- офтальмология;

- педиатрия;

- психотерапия;

- радиология;

- терапия:

гастроэнтерология; физиотерапия; нефрология; кардиология; аллергология; ревматология; эндокринология;

- токсикология;

- равматология жана ортопедия;

- урология;

- хирургия:

торакалдык хирургия; жүрөк-кан тамырлар хирургиясы; нейрохирургия; бет-жаак хирургиясы;

- проктология;

- дарылоочу эндоскопия;

6) элдик (салттуу) медицина:

- гомеопатия;

- мануалдуу терапия;

- рефлексотерапия.»;

11-пунктта;

- экинчи абзац алып салынсын;

- үчүнчү абзацтагы «Кыргызстандарт» деген сөз «, белгиленген тартипте жүргүзүлгөн» деген сездөргө алмашылсын;

- 24-главада:

1-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Ушул пунктка киргизилген курулуш иштеринин түрлөрү көлөмдүкпландык жана конструктивдик чечимдерди өзгөртүү менен жаңы курулушта, реконструкцияда, кайра ыңгайлаштырууда жана кайра пландоодо долбоордук-изилдөөчү жана курулуштук-монтаждык иштердин аткарылышын карайт.»; 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «2. Лицензиардын аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик»; аталган главанын тиркемесинде:

- «Инженердик изилдөөлөр» деген бөлүмдүн 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;

«Шаар куруу жана долбоорлоо иштери» бөлүмүндө:

- 2-пункттун үчүнчү абзацы алып салынсын;

- 3-пунктта:

үчүнчү жана жетинчи абзацтар алып салынсын; төртүнчү абзацта «транспорттук курулмалар» деген сездөрдөн кийин «, эстакадалар» деген сөз менен толукталсын;

- 4-пунктта:

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «- төмөнкү басымдагы отканалар;»; сегизинчи-он биринчи абзацтар алып салынсын;

- 5-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;

«Курулуш-монтаждык жана объекттерде оңдоо иштерин аткаруу» деген бөлүмдө:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«II. Курулуш-монтаждоо иштери»;

- 2-пунктта:

биринчи абзац «курулмалар» деген сөздөн кийин «, чатыр түзүлүштөрү» деген сөздер менен толукталсын; бешинчи абзац алып салынсын;

- 3-пуктта:

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «- төмөнкү басымдагы отканалар»; жетинчи - онунчу абзацтар алып салынсын; 4, 5, 8 жана 11-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; 7-пункт «гидроэлектростанциялар» деген сөздөрдөн кийин «, гидротехникалык курулуштар» деген сөздөр менен толукталсын; 9-пункт «курулмалар» деген сөздөн кийин «, эстакадалар» деген сөз менен толукталсын;

- 25-главада:

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «2. Лицензиардын аталышы: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүү мекемелерин лицензиялоо, аттестациялоо жана аккредитациялоо боюнча мамлекеттик инспекция,»; 5-пункт «билим берүү» деген сөздөн кийин «жана илим» деген сөздөр менен толукталсын; 9-пункттун тогузунчу абзацындагы «Мамлекеттик автомобиль инспекциясы» деген сөздөр «Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгы» деген сөздергө алмаштырылсын; 11-пунктта № 1-6 форманын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүү мекемелерин лицензиялоо, аттестациялоо жана аккредитациялоо боюнча мамлекеттик инспекция»;

- 26-главанын 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы «облустук» деген сөз «региондук» деген сөзгө алмаштырылсын;

- 27-главада:

аталышында жана 1-пунктта «жумуштар» деген сөз «атайын жумуштар» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «2. Лицензиардын аталышы: Жарандык авиация департаменти.»;

- 33-глава күчүн жоготту деп табылсын;

- 36-главанын 1-пунктундагы «теле- жана радиопрограммаларды жайылтуу, радио жыштыктык спектрди пайдалануу» деген сөздөр «телерадиоберүү» деген сөзгө алмаштырылсын;

- 37-главанын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Лицензиардын аталышы: Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент.»;

## 38-главада:

- главанын аталышындагы «парфюмердиккосметикалык жана химиялык заттар, күчтүү таасир этүүчү, уулуу жана радиоактивдүү заттар» деген сөздөр алып салынсын;

1-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары алып салынсын; 3-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары алып салынсын; 6-пункттагы «2» деген цифра «5» деген цифрага алмаштырылсын; 7-пункттун «а» жана «в» пунктчалары, 8-пункт күчүн жоготту деп табылсын; 11-пункттун экинчи жана алтынчы абзацтары алып салсын;

- 42-главага «Лицензиялануучу камсыздандыруу ишмердигинин түрлөрү боюнча классификациялоо» деген тиркемеде:

1,2 жана 3-тиркемелерде «код» деген сөз «салык төлөөчүнүн салыктык номери» деген сөздөргө алмаштырылсын; аталышында жана 43-главанын 1 жана 8-пункттарында «бажылык ташуучу» деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
