# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-сентябрындагы №564 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-сентябрындагы №564 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 564
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13859/edition/356962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-сентябрындагы №564 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (08.09.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90254

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 8-сентябры № 564 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин кызматкерлеринин сандык чеги (тейлөөчү персоналдан башкасы) 762 адам санында белгиленсин, анын ичинде борбордук аппарат - 53 адам; шаарлардын жана райондордун маданият жана маалымат башкармалары, бөлүмдөрү 191; Кинематография боюнча департамент - 11; Мамлекеттик архив агенттиги - 507 (анын ичинде Мамлекеттик архив агенттигинин борбордук аппараты - 23; архивдик мекемелер - 100; архивдик мекемелердин аймактык структуралары - 384).";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө жободо:

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- ички контроль системасынын натыйжалуулугуна жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт, баалоонун жыйынтыктарына ылайык Министрликтин компетенциясынын чегинде рекомендацияларды иштеп чыгат;

- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- ички контроль системасынын натыйжалуулугун жана анын Министрликтин максаттарына ылайыктуулугун баалайт.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин аймактык структуралары жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
