Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 „Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери“ жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 8-сентябры № 564 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин кызматкерлеринин сандык чеги (тейлөөчү персоналдан башкасы) 762 адам санында белгиленсин, анын ичинде борбордук аппарат - 53 адам; шаарлардын жана райондордун маданият жана маалымат башкармалары, бөлүмдөрү 191; Кинематография боюнча департамент - 11; Мамлекеттик архив агенттиги - 507 (анын ичинде Мамлекеттик архив агенттигинин борбордук аппараты - 23; архивдик мекемелер - 100; архивдик мекемелердин аймактык структуралары - 384).";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө жободо:
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ички контроль системасынын натыйжалуулугуна жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт, баалоонун жыйынтыктарына ылайык Министрликтин компетенциясынын чегинде рекомендацияларды иштеп чыгат;
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ички контроль системасынын натыйжалуулугун жана анын Министрликтин максаттарына ылайыктуулугун баалайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин аймактык структуралары жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө ЖОБО" КР Окмотунун 2009-жылдын 6-майындагы № 276 токтому менен бекитилгенПоложение · 06.05.2009 · № 276
- КР Окмотунун 2009-жылдын 6-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 06.05.2009 · № 276
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы N 715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 24.11.2009 · № 715 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы №649 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин аймактык структуралары жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2006 · № 649 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Окмотунун 2009-жылдын 6-майындагы № 276 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 06.05.2009 · № 276
- Ички аудит жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 25
- КР Президентинин 2009-жылдын 13-февралындагы ПЖ №100 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 13.02.2009 · № 100
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы №649 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин аймактык структуралары жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2006 · № 649 · Күчүн жоготкон