# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы №552 "Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы №552 "Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 552
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90247>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13852/edition/439432/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы №552 "Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө" токтому (15.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90247

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 17 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 1-сентябры № 552 Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин турмуш деңгээлин көтөрүү жана чыгармачыл иштери үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Академиялык наам үчүн ай сайын ставкалар 2009-жылдын 1-августунан тартып төмөнкүдөй белгиленсин:

- анык мүчөлөргө (академиктерге) - 10000 сом өлчөмүндө;

- мүчө-корреспонденттерге - 5000 сом өлчөмүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы академиялык наам үчүн ай сайын ставкалар төлөөнү бюджеттеги каражаттардын чегинде ишке ашырсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 22-октябрындагы № 511 "Академиялык наам үчүн ставкалар жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 22-октябрындагы № 511 "Академиялык наам үчүн ставкалар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

Премьер-министр

И.Чудинов
