# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы №422 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы №422 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 422
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13849/edition/436956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы №422 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90243

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 27-июну №422 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 752 "Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө" жана 2008-жылдын 5-декабрындагы № 676 "Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү - 2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Курулуш (реконструкциялоо, кайрадан профилдөө, кайрадан пландоо) объекттерин телефондук байланышка кошуу жөнүндө арызга техникалык шарттарды тиркөө талап кылынбайт.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүн кирет.

Премьер-министри

И.Чудинов
