# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-октябырындагы №614 "Керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээлинин өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-октябырындагы №614 "Керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээлинин өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 614
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13847/edition/352065/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-октябырындагы №614 "Керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээлинин өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө" токтому (29.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90238

---

КР Ѳкмѳтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №825 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 1-октябры №614 Керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээлинин өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2009-жылдын 1-октябрынан баштап керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээлинин өлчөмү 240 сом суммасында белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээлинин өлчөмүн көбөйтүү үчүн зарыл болгон финансылык каражатты республикалык бюджеттен өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын;

- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

4. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын жарандарына кошумча социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-мартындагы № 99 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
