# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 823
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13845/edition/1098979/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (26.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90234

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 29-декабры №823 Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн, Министрлер Кабинетинин 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847, 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 2021-жылдын 26-августундагы №152 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы N 508 "Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө", 2009-жылдын 13-ноябрындагы N 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Премьер-министри

Д.Үсөнов
