# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №819 "Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмүн эсептөө жана ижарага берүү тартиби жөнүндө" НУСКАМА

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №819 "Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмүн эсептөө жана ижарага берүү тартиби жөнүндө" НУСКАМА
- Актынын түрү: Инструкция
- Номери: 819
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/22-206/edition/354685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №819 "Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмүн эсептөө жана ижарага берүү тартиби жөнүндө" НУСКАМА (29.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90231

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №819 токтому менен бекитилген

Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмүн эсептөө жана ижарага берүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

I. Жалпы жоболор

II. Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысы

I. Жалпы жоболор

1.1. Бул нускама мамлекеттик мүлктүн ижара келишимин далилдеген, ижара акысын эсептөө тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана ижара мамилелерин жөнгө салуучу башка ченемдик актыларына ылайык иштелип чыккан.

1.2. Мамлекеттик мүлктүн ижара объектилери болуп мамлекеттин менчигинде турган кыймылдуу буюмдар (машиналар, транспорттук каражаттар, жабдуулар, инвентарь жана башка) экендигин ушул Нускамада түшүнүк берет.

1.3. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган боюнча мамлекеттик мүлк алардын карамагында (балансында) чарбалык кароодо, оперативдик башкарууда турган мамлекеттик мекемелер, ишканалар жана уюмдар менен иш жүзүнө ашырылат.

1.4. Ижарачы болуп бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр да боло алышат.

1.5. Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.

II. Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысы

2.1. Жылдык ижара акысы төмөнкү формула менен аныкталат:

Ап = Снк х N%, мында

Снк - негизги каражаттар наркы - баштапкы баланстык нарк боюнча кабыл алынат. N% - белгиленген туруктуу пайыз. Жылдык ижара акысы төмөнкү категориялар боюнча эсептелет: Снк - 20000 сомго чейин х 30%; Cнк - 20000 тартып 100000 сомго чейин х 20%; Снк - 100000 тартып 500000 сомго чейин х 15%; Снк - 500000 тартып жана жогору х 10%.

2.2. Келишимде болуучу негизги маалыматтар:

- ишкананын түрү жана аталышы - Ижарага берүүчү жана Ижарачынын, анын жайгашкан орду жана юридикалык статусу (жеке жана юридикалык жак);

- курамы жана ижарага берилүүчү мүлктүн баланстык наркы;

- ижара мөөнөтү жана ижара төлөмүнүн көлөмү, шарты жана аны төлөө мөөнөтү;

- ижарадагы мүлктү толук тургузуу жана ремонттоо боюнча тараптардын милдеттерин бөлүштүрүү;

- тараптардын укугу, милдети жана жоопкерчилиги;

- келишимди токтотуу (жоюу) жана узартуу шарттары.
