Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмүн эсептөө жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» НУСКАМА
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №819 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмүн эсептөө жана ижарага берүү тартиби жөнүндө НУСКАМА
I. Жалпы жоболор
II. Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысы
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул нускама мамлекеттик мүлктүн ижара келишимин далилдеген, ижара акысын эсептөө тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана ижара мамилелерин жөнгө салуучу башка ченемдик актыларына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Мамлекеттик мүлктүн ижара объектилери болуп мамлекеттин менчигинде турган кыймылдуу буюмдар (машиналар, транспорттук каражаттар, жабдуулар, инвентарь жана башка) экендигин ушул Нускамада түшүнүк берет.
1.3. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган боюнча мамлекеттик мүлк алардын карамагында (балансында) чарбалык кароодо, оперативдик башкарууда турган мамлекеттик мекемелер, ишканалар жана уюмдар менен иш жүзүнө ашырылат.
1.4. Ижарачы болуп бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр да боло алышат.
1.5. Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.
II. Мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысы
2.1. Жылдык ижара акысы төмөнкү формула менен аныкталат:
Ап = Снк х N%, мында
Снк - негизги каражаттар наркы - баштапкы баланстык нарк боюнча кабыл алынат. N% - белгиленген туруктуу пайыз. Жылдык ижара акысы төмөнкү категориялар боюнча эсептелет: Снк - 20000 сомго чейин х 30%; Cнк - 20000 тартып 100000 сомго чейин х 20%; Снк - 100000 тартып 500000 сомго чейин х 15%; Снк - 500000 тартып жана жогору х 10%.
2.2. Келишимде болуучу негизги маалыматтар:
- ишкананын түрү жана аталышы - Ижарага берүүчү жана Ижарачынын, анын жайгашкан орду жана юридикалык статусу (жеке жана юридикалык жак);
- курамы жана ижарага берилүүчү мүлктүн баланстык наркы;
- ижара мөөнөтү жана ижара төлөмүнүн көлөмү, шарты жана аны төлөө мөөнөтү;
- ижарадагы мүлктү толук тургузуу жана ремонттоо боюнча тараптардын милдеттерин бөлүштүрүү;
- тараптардын укугу, милдети жана жоопкерчилиги;
- келишимди токтотуу (жоюу) жана узартуу шарттары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №819 "Мамлекеттик мүлктү ижаралоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 819 · Күчүн жоготкон