# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №85 ""Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №85 ""Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13841/edition/438143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №85 ""Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90222

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 7-февралы №85 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 8-январындагы №2 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктта:

"569" деген цифралар "527" деген цифраларга алмаштырылсын, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин - 42 бирдикке" деген сөздөр алып салынсын;

- 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети" деген сөздөр алып салынсын;

- 4-пунктта "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинен" деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын борбордук аппаратынын, ошондой эле аймактык подразделениелеринин түзүмдөрүнө жана штаттык расписаниелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кароочу тиешелүү чечимдерди кабыл алсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
