# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №658 "Мамлекеттик имараттарды оперативдүү башкарууга берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №658 "Мамлекеттик имараттарды оперативдүү башкарууга берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 658
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/902113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22670/edition/1080596/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/902113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №658 "Мамлекеттик имараттарды оперативдүү башкарууга берүү жөнүндө" токтому (18.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/902113

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 19-октябры № 658 Мамлекеттик имараттарды оперативдүү башкарууга берүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Мамлекеттик органдар ээлеген мамлекеттик имараттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана күтүү боюнча департамент Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү оперативдүү башкарууга берсин:

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына - Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 72 жана Абдумомунов көчөсү, 276 даректери боюнча жайгашкан мамлекеттик имараттарды;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине - Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 26 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик имаратты;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине - Бишкек шаары. Фрунзе көчөсү, 469 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик имаратты;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине - Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 70 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик имаратты;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына - Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 21 "а" дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик имаратты.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 4 "а" дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик имарат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин оперативдүү башкаруу укугунда сакталып калсын.

3. Бул токтомдун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин каттоо органдарында өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик имараттарга, ошондой эле алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн карамагында турган мамлекеттик имараттарга оперативдүү башкаруу укугун эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте каттатышсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарга жеңилдиктүү шарттарда мамлекеттик имараттарга оперативдүү башкаруу укугун каттоого көмөк көрсөтсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана күтүү боюнча департамент № 1 жана № 2 тиркемелерден чыгарылган мамлекеттик имараттарды бул токтомдун 6-пунктуна ылайык Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик имараттардын реестрине киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 370 "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апрелиндеги Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- көрсөтүлгөн токтомдун № 1 тиркемесинин 5, 7, 14, 20, 32 жана 47-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;

- көрсөтүлгөн токтомдун № 2 тиркемесинин 4 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча жыйынды реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
