# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №653 ""1989-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №653 ""1989-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 653
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/902108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22667/edition/357219/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/902108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №653 ""1989-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому (19.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/902108

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 19-октябры №653 "1989-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "1989-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

И.Чудинов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1989-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу

1-берене. 1989-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна кошулсун.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кошулуу жөнүндөгү грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.

3-берене. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
