# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №646 ""2009-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоор" долбоору боюнча финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №646 ""2009-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоор" долбоору боюнча финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 646
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/902101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22664/edition/357213/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/902101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №646 ""2009-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоор" долбоору боюнча финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (19.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/902101

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 19-октябры № 646 "2009-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоор" долбоору боюнча финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "2009-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоор" долбоору боюнча финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.

Премьер-министр

И.Чудинов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоор" долбоору боюнча финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене. 2009-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоор" долбоору боюнча финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкына жана Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.

3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
