# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы №542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы №542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 542
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13833/edition/391643/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90208.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы №542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90208

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №126 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 27-августу № 542 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигинин алдындагы Айылдарды суу менен камсыздоо департаментин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышындагы жана 1, 4 жана 6-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-пункттагы "областык" деген сөз "региондук" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2, 3, 5, 7, 8 жана 9-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 294 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маселелери" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жөнүндө жободо:

7.1-пунктта:

он экинчи абзацтагы "ошондой эле айыл калкын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча" деген сөздөр алып салынсын; он үчүнчү абзацтагы "ичүүчү жана" деген сөздөр алып салынсын;

- 7.3-пункттун он алтынчы абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Башкаруу схемасындагы "Суу менен камсыздоо айылдык департаменти" жана "Айылсуукамсыздоо аймактык бөлүмдөрү" деген позициялар алып салынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
