Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 февраля 2012 года № 126 "О Государственном агентстве по строительству и региональному развитию при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-20.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №126 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 27-августу № 542 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигинин алдындагы Айылдарды суу менен камсыздоо департаментин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы жана 1, 4 жана 6-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункттагы "областык" деген сөз "региондук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2, 3, 5, 7, 8 жана 9-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 294 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маселелери" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жөнүндө жободо:
7.1-пунктта:
он экинчи абзацтагы "ошондой эле айыл калкын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча" деген сөздөр алып салынсын; он үчүнчү абзацтагы "ичүүчү жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 7.3-пункттун он алтынчы абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Башкаруу схемасындагы "Суу менен камсыздоо айылдык департаменти" жана "Айылсуукамсыздоо аймактык бөлүмдөрү" деген позициялар алып салынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 294 токтому менен…Положение · 25.04.2006 · № 294
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги №294 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай Министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 25.04.2006 · № 294
- Постановление Правительства КР от 19 сентября 2000 года №578 "О создании Департамента сельского водоснабжения при Министерстве сельского и водного хозяйства Кыргызской Республики"Постановление · 19.09.2000 · № 578 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 126 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги №294 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай Министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 25.04.2006 · № 294
- Постановление Правительства КР от 19 сентября 2000 года №578 "О создании Департамента сельского водоснабжения при Министерстве сельского и водного хозяйства Кыргызской Республики"Постановление · 19.09.2000 · № 578 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 126 · Күчүн жоготкон