# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы №541 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы №541 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 541
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13832/edition/924883/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы №541 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (09.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90207

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 7 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 27-августу № 541 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасындагы калктын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2009-жыл үчүн "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына жана Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясына каралган жалпы бөлүнгөн акчанын чегинде каражаттарды 2-тиркемеге ылайык турак жай-коммуналдык чарбаларын жана социалдык чөйрөнүн объекттерин күтүүгө бөлсүн.";

- аталган токтомдун 2-тиркемесине:

"каражат" деген сөздөн кийин "республикалык" деген сөз менен толукталсын; "Күтүүгө чыгымдар, миң сом" деген графадагы "571,5", "1073,0", "1644,5" деген цифралар тиешелүү түрдө "1166,5", "4279,2", "5445,7" деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
