# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-августундагы №539 ""Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бир терезе" борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-августундагы №539 ""Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бир терезе" борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 539
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13830/edition/1067815/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-августундагы №539 ""Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бир терезе" борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому (01.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90205

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 27-августу № 539 "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756, 2014-жылдын 27-январындагы № 55, 2020-жылдын 9-январындагы № 2, 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы № 315 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү концепциясы жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" жана 2009-жылдын 4-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдында "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

21. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин чектүү саны 26 штаттык бирдик саны менен (тейлөө жана техникалык персоналды эсепке албаганда) белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

И.Чудинов
