Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Full Gold Minig» жоопкерчилиги чектелген коомуна жерлерди берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 14-августу № 523 "Full Gold Minig" жоопкерчилиги чектелген коомуна жерлерди берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 233-6, 384-беренелерине жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5, 8 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан аянты 137,3 га жайыт жерлерин "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жана "Full Gold Minig" жоопкерчилиги чектелген коомуна ижара келишиминин шарттарында "Иштамберди" алтын кенинин иштетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин иштетүү максатында кен пайдалануу укугуна 2008-жылдын 23-январындагы N 1315 АЕ лицензиясынын колдонуу мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун жана "Full Gold Minig" жоопкерчилиги чектелген коомуна ижара келишиминин шарттарында "Иштамберди" алтын кенинин иштетүү үчүн Лицензиясынын колдонуу мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "Full Gold Minig" жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөшүн; "Full Gold Minig" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясы менен жер участокторго ижара келишимин түзүүнү;
- "Full Gold Minig" жоопкерчилиги чектелген коому төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттендирилсин:
бөлүнүүчү жер участокто экологиялык жана техникалык коопсуздук, кенди коргоо жана пайдалануу жагында эксперттик корутундулар менен тиешелүү долбоордук документтерди белгиленген тартипте иштеп чыгууну камсыздоого; "Иштамберди" кенин иштетүү үчүн объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык макулдашууну жана экспертиза жүргүзүүгө; кенди иштетүү боюнча иштер аяктагандан кийин жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну камсыз кылууга.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15