# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы №522 "Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы №522 "Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 522
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13816/edition/438869/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы №522 "Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө (12.08.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90191

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 14-августу № 522 Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы №387 "2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн тиркелген тизмеси бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы №522 токтому менен бекитилген

Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн ТИЗМЕСИ Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу боюнча операция (аборт) жубайлардын экөөсүнүн тең же болбосо никеде турбаган аялдын макулдугу, эрезеге жете элек адамдар үчүн - эрезеге жете элек ата-эненин же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен кош бойлуулуктун 22 жумасына чейин төмөнкүдөй социалдык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн:

1. Күйөөсү I-II топтогу майып болсо.

2. Аялы кош бойлуу болуп турган учурда күйөөсү каза болсо.

3. Күйөөсү же аялы эркинен ажыратуу жерлеринде болсо.

4. Ата-энелик укуктардан ажыратуу же чектөө жөнүндө сот чечими бар болсо.

5. Аялдын же анын күйөөсүнүн жумушсуздук боюнча расмий статусу болсо.

6. Аялда качкындын же аргасыз көчкөн адамдын болгон расмий статусу болсо.

7. Кош бойлуу болуп турган учурда ажырашса.

8. Зордуктоонун натыйжасында боюна бүтсө.

9. Күйөөсү жок көп балалуу (балдардын саны 3 жана андан ашык) болсо.

10. Үй-бүлөдө майып бала бар болсо.

11. Материалдык жактан камсыз болбосо (киреше үй-бүлөнүн 1 мүчөсүнө расмий белгиленген жашоо минимумунан аз табылса).
