Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 14-августу № 522 Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы №387 "2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы №522 токтому менен бекитилген
Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн социалдык көрсөткүчтөрдүн ТИЗМЕСИ Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу боюнча операция (аборт) жубайлардын экөөсүнүн тең же болбосо никеде турбаган аялдын макулдугу, эрезеге жете элек адамдар үчүн - эрезеге жете элек ата-эненин же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен кош бойлуулуктун 22 жумасына чейин төмөнкүдөй социалдык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн:
1. Күйөөсү I-II топтогу майып болсо.
2. Аялы кош бойлуу болуп турган учурда күйөөсү каза болсо.
3. Күйөөсү же аялы эркинен ажыратуу жерлеринде болсо.
4. Ата-энелик укуктардан ажыратуу же чектөө жөнүндө сот чечими бар болсо.
5. Аялдын же анын күйөөсүнүн жумушсуздук боюнча расмий статусу болсо.
6. Аялда качкындын же аргасыз көчкөн адамдын болгон расмий статусу болсо.
7. Кош бойлуу болуп турган учурда ажырашса.
8. Зордуктоонун натыйжасында боюна бүтсө.
9. Күйөөсү жок көп балалуу (балдардын саны 3 жана андан ашык) болсо.
10. Үй-бүлөдө майып бала бар болсо.
11. Материалдык жактан камсыз болбосо (киреше үй-бүлөнүн 1 мүчөсүнө расмий белгиленген жашоо минимумунан аз табылса).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 387 "2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук…Указ · 15.07.2006 · № 387 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон
- Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндөЗакон · 10.08.2007 · № 147 · Күчүн жоготкон