Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаментин түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы №556 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР 30 апреля 2020 года № 227 "Об утверждении Положения о Департаменте лекарственных средств и медицинских изделий при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-04-30.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 14-августу № 521 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаментин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы №556 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаментин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы №556 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктта:
"жана анын башкаруу схемасы" деген сөздөр алып салынсын;
- аталган токтом менен бекитилген Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаментинин башкаруу схемасы алып салынсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаменти жөнүндө жободо:
- 6-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- дарылык каражаттар жана медициналык техника жаатында программаларды иштеп чыгат;"; он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- республикада чыгарылган жана импорт боюнча алынган дарылык каражаттарды стандартташтыруу, сапатын мамлекеттик контролдоо боюнча иштерди уюштурат, ошондой эле коопсуздук шайкештигине гуманитардык жардамдын линиясы боюнча иштерди аткарат;"; жыйырма биринчи абзацтагы "сертификаттоо" деген сөз "дарылык каражаттарды коопсуздук шайкештигине тастыктоо" деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "- тиешелүү техникалык регламент чыкканга чейин республикада чыгарылган жана импорт боюнча алынган дарылык каражаттарды коопсуздук шайкештигине тастыктоо боюнча иштерди аткарат;"; "- ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык дарылык каражаттарды чыгарган ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзөт;"; 7-пункт күчүн жоготту деп табылсын; 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- Департаменттин түзүмү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилет."; 10-пунктта: төртүнчү абзац алып салынсын; жетинчи абзацтагы ", анын ичинде чарбалык эсеп жүргүзүүнүн негизинде каржылануучу республиканын региондорунда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаментинин түзүмүн бекитсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар…Постановление · 30.04.2020 · № 227
- Положение о Департаменте лекарственного обеспечения и медицинской техники при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики (утверждено постановлением Правительства КР от 26…Положение · 26.09.1997 · № 556 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар…Постановление · 30.04.2020 · № 227
- Постановление Правительства КР от 26 сентября 1997 года № 556 "Об образовании Департамента лекарственного обеспечения и медицинской техники при Министерстве здравоохранения…Постановление · 26.09.1997 · № 556 · Күчүн жоготкон
- Дары-дармек каражаттары жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 91 · Күчүн жоготкон