# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №0518 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №0518 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 518
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13812/edition/956366/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №0518 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (13.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90186

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 13-августу № 518

Эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)

Имараттарды, анын ичинде турак үйлөрдөгү жана башка курулуштардагы турак имараттарды жана турак жайларды бузуу, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, модернизациялоо же кайра жабдуу жөнүндө маселени чечүүдө жашоо жана эксплуатациялоо үчүн жараксыз категорияга киргизүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөө жана адамдардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыялангандан кийин 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов
