# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы №516 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы N 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы №516 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы N 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 516
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/90184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13810/edition/1198539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/90184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы №516 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы N 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (12.08.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/90184

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 645 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 12-августу № 516 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы №478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын алууга конкурс уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарга, Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институту жыл сайын берүүчү чыгышалар сметасына, анын ичинде төмөнкүлөргө байланышкан чыгымдарга республикалык бюджеттен жыл сайын каражат караштырсын:

- берилген материалдарды экспертизадан өткөрүүгө;

- катышуучуларды изилдөөгө жана тандап алууга;

- жеңүүчүлөрдүн эмблемасын, дипломдорун жана сыйлыктарын даярдоого;

- жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс процессин чагылдырууга;

- конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатын уюштурууга;

- конкурстун жеңүүчүлөрүнө 1400000 (бир миллион төрт жүз миң) сом өлчөмүндө акчалай байгелерди тапшырууга.".

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгы жөнүндө жободо:

4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Лауреаттарга жана дипломанттарга сыйлык катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дипломдору, белгиленген үлгүдөгү сыйлыктар тапшырылат, ошондой эле лауреаттарга - 300000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө, дипломанттарга - 50000 (элүү миң) сом өлчөмүндө акчалай байгелер ИСО 9000, 14000, 22000, НАССР, СМР, OHSAS 18000, SA 9000 эл аралык стандарттарга ылайык сапат менеджменти системасын жана башка системаларды иштеп чыгууга, киргизүүгө жана сертификациялоого максаттуу пайдалануу үчүн тапшырылат."; Төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын: "13. Эксперттик комиссия тарабынан конкурстун жеңүүчүлөрүн тандап алууда ИСО сериясы 9000, 14000, 22000, НАССР, GМР, OHSAS 18000, SA 9000 эл аралык стандарттарга ылайык сапат менеджменти системасынын элементтерин жана башкаларды киргизген ишканаларга артыкчылык берилет.".

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына:

- Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын алуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатын чагылдыруу;

- сапат боюнча сыйлыктар жөнүндө роликти Улуттук телекөрсөтүү боюнча жарым жыл бою айына эки жолу көрсөтүү сунушталат.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
