Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы N 478 „Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 18 ноября 2022 года №645 "О вопросах премий Кыргызской Республики по качеству"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-08-12.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 645 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 12-августу № 516 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы №478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын алууга конкурс уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарга, Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институту жыл сайын берүүчү чыгышалар сметасына, анын ичинде төмөнкүлөргө байланышкан чыгымдарга республикалык бюджеттен жыл сайын каражат караштырсын:
- берилген материалдарды экспертизадан өткөрүүгө;
- катышуучуларды изилдөөгө жана тандап алууга;
- жеңүүчүлөрдүн эмблемасын, дипломдорун жана сыйлыктарын даярдоого;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс процессин чагылдырууга;
- конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатын уюштурууга;
- конкурстун жеңүүчүлөрүнө 1400000 (бир миллион төрт жүз миң) сом өлчөмүндө акчалай байгелерди тапшырууга.".
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгы жөнүндө жободо:
4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Лауреаттарга жана дипломанттарга сыйлык катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дипломдору, белгиленген үлгүдөгү сыйлыктар тапшырылат, ошондой эле лауреаттарга - 300000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө, дипломанттарга - 50000 (элүү миң) сом өлчөмүндө акчалай байгелер ИСО 9000, 14000, 22000, НАССР, СМР, OHSAS 18000, SA 9000 эл аралык стандарттарга ылайык сапат менеджменти системасын жана башка системаларды иштеп чыгууга, киргизүүгө жана сертификациялоого максаттуу пайдалануу үчүн тапшырылат."; Төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын: "13. Эксперттик комиссия тарабынан конкурстун жеңүүчүлөрүн тандап алууда ИСО сериясы 9000, 14000, 22000, НАССР, GМР, OHSAS 18000, SA 9000 эл аралык стандарттарга ылайык сапат менеджменти системасынын элементтерин жана башкаларды киргизген ишканаларга артыкчылык берилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына:
- Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын алуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатын чагылдыруу;
- сапат боюнча сыйлыктар жөнүндө роликти Улуттук телекөрсөтүү боюнча жарым жыл бою айына эки жолу көрсөтүү сунушталат.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 -ноябрындагы №645 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2022 · № 645
- Положение о премиях Кыргызской Республики по качеству (Утверждено Постановлением Правительства КР от 18 августа 1997 года №478)Положение · 18.08.1997 · № 478 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 18 августа 1997 года №478 "Об учреждении премий Кыргызской Республики по качеству"Постановление · 18.08.1997 · № 478
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 -ноябрындагы №645 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2022 · № 645